Коом

7 айда кумар оюндарынан бюджетке 136,8 млн сом салык түштү

Быйыл 7 айда кумар оюндарынан өлкө бюджетине 136 млн 888,7 миң сом салык түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматына таянып «Акчабар» жазды.

Салыктын көбү, 129 млн 92,2 миң сом кумарканалардан (казино) түшкөн. Ошондой эле букмекердик жайлар бюджетке 7 млн сом төккөн.

Калган акча оюн автоматтарынан жана виртуалдык кумарканалардан түшкөн салык болуп саналат. Виртуалдык кумарканалардан 1,5 миң сом гана чогултулган.

Белгилей кетсек, былтыр 7 айда кумарканалардан 32 млн 550 миң сом жана букмекердик жайлардан 1 млн 50 миң сом салык жыйналган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button