Коом

Статистика комитети элди сурамжылоого катышууга чакырат

Улуттук статистика комитети кыргызстандыктарды сурамжылоого катышууга чакырат.

15-июнга чейин өткөрүлчү сурамжылоого интерактивдүү анкета аркылуу 12 суроого жооп берүү керек. Анкетаны толтурууга эки мүнөт талап кылынат.

Негизги максат — колдонуучулардын кызыгуусун жараткан маалыматтарды аныктоо. Ошондой эле маалымат алуу канчалык ыңгайлуу экенин тактап, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу көздөлүп жатат.

Толтурууну кааласаңыз шилтемеге кириңиз. Белгилей кетчү жагдай, атыңыз жашыруун бойдон калат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button