Коом
Баткенде абал тынч. Чек ара кызматы дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырат

Кечки саат 18:20 менен 18:50нүн ортосунда Баткендеги Достук айылынын тушунда, Тажикстандын аймагында эки жолу ок атылганы угулду. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.Мекеме кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалуу бойдон сакталып турганын белгиледи.»Лейлек районунун Максат айылында жарандардын автоунааларына ок атылды делген жана Баткен районунун Достук айылында ок атылды деген маалымат чындыкка дал келбейт», — деп айтылат маалыматта.Чек ара кызматы коомчулукту социалдык тармакта такталбаган ар кандай маалыматтарды таратып элди дүрбөлөңгө түшүрбөөгө чакырды.



