Коом

Муфтият медреседе бала сабалды деген окуяга байланыштуу билдирүү таратты

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Ошто медреседе сабалган 12 жаштагы баланын окуясына байланыштуу расмий билдирүү жасады.

Билдирүүдө муфтият аталган окуя боюнча ички териштирүү ишин жүргүзүп жаткандыгы айтылат.

Маалыматка ылайык, бала сабалды делген Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Рауза атындагы медресе муфтияттын карамагында жок.

«Бизге белгилүү болгондой, окуя диний объектиде болгон делген маалымат чындыкка дал келбейт. Жарандарды, журналисттерди жана блогерлерди такталган маалыматтарды гана бөлүшүүгө чакырабыз», — деп айтылат маалыматта

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button