ДүйнөКоомМаданият

Ташкентте актриса Бакен Кыдыкеева тууралуу тасма көрсөтүлдү

ХV Ташкент эл аралык кинофестивалынын алкагында атайын аянтчада актриса Бакен Кыдыкееванын улуттук театр, кинодогу өнөр дүйнөсү жөнүндө сөз, фотобаяндар, даректүү фильм көрсөтүлдү. Бул тууралуу ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раевбилдирди.

«80 мамлекеттен келген атактуу кино ишмерлер Бакен Кыдыкееванын бийик талантына таазим этти. Атактуу Ходжакули Нарлиев, Али Хамраевал жөнүндөгү эскерүүлөрүн фестиваль алкагындагы аянтчаларда айтты. Кадыр-барктуу дүйнөлүк кинофорумда ТҮРКСОЙ Бакен Кыдыкееваны бийик секиге көтөрө алды. Ушундай эле бул таанытым Бакудагы Коркут Ата эл аралык кинофестивалда уланат», — деп жазды ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button