Коом

Чоң — Кеминде уча албай калган ак куу реабилитациялык борборго өткөрүп берилди

Шабдан айылынын айдоо жеринен, Чон-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагынан болжол менен эки чакырым алыстыкта, уча албай жаткан ак куу табылган.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, жергиликтүү тургундар кушту кармап, анын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн парк кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Бул факты боюнча тиешелүү акт түзүлүп, ак куу жаныбарларды реабилитациялоо боюнча коомдук борборго өткөрүлүп берилди. Учурда борбордун адистери ветеринардык кароодон өткөрүп, кушкага зарыл болгон жардам көрсөтүп жатышат.

Министрлик жарандарды жапайы жаныбарларга аяр мамиле кылууга, аларды мыйзамсыз кармоого же зыян келтирүүгө жол бербөөгө чакырат.

Мындай учурлар аныкталса, тиешелүү кызматтарга ыкчам маалымдоону суранат.

Тектеш кабарлар

Back to top button