Кулк-мүнөзүнүн курмандыгына айланган Мадумаров…

Кыргыз саясатында туруктуу позициясы жок, саясий көз карашы толук калыптанбаган, эт менен челдин ортосунда жүргөн саясатчылар арбын. Булар кызмат үчүн анча-мынча топтогон абройун садага чаап, күн тийген тоонун күкүгүнө айланып кете берет. Мына ушулардын катарында Адахан Мадумаров да бар.
Мадумаров 30 жылдан бери саясатта жүргөнү менен калың элдин кадырына ээ боло алган жок. Ооба, кезинде Акаевдин бийлигине каршы чыгып, парламент трибунасынан байма-бай сындап, курч сөзү менен эл оозуна алынган. Бирок андан көп өтпөй эле Бакиевдердин кол баласына айланып, алардын оту менен кирип, күлү менен чыгып, тетири сийип чыга келди.
Тагыраагы, 2005-жылдан 2010-жылга чейинки аралыкта бийликтин бийик тепкичтерин баса отурган маалында Каркыра жайлоосу баштаган кыргыз жерлерин үстөккө-босток сатып, канкор Бакиевдерге кабаттап кошомат кылып, камчы, чапанын көтөрө чуркап, кыскасы кыргызга жасаган кызматынан кыянатчылыгы көп болду. Таң калычтуусу, ошол мүнөттөр элдин эсинен чыга электе кетирген кемчиликтерин моюнуна албай, тескерисинче караманча танып, жоопкерчиликтен кутулуп кетүүнү көздөп жатканында. Андан соң Атамбаев менен тымызын соодалашып отуруп, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Кеңешинин Башкы катчысынын орун басары кызматын сурап алды да кумга сиңген суудай эле жок болгон.
2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин Мадумаровдун баягы эски оорусу кармап, кандай жол менен болсо да бийликке жетүүгө далалаттана баштады. Терең талдаган адамга бул Адахандын эң негизги саясий жүрүшү экени кашкая көрүнүп турат. Анын оюнда ушинтип кыйкырынып чыксам азыркы бийлик да Атамбаевчесинен бир кызмат ыроолоп жиберсе, тынч отуруп алып капчыгымды кампайтам деп ойлогон.
Бирок бул сапар Мадумаров көксөгөндөй болгон жок. Тескерисинче, буга чейин Отунбаева, Атамбаев, Жээнбековдор тиш сала албаган Мадумаровго кезинде жасаган калпыс иштери үчүн жооп берүүгө убакыт келгенин, бардык жасаган иш-аракеттери үчүн мыйзам алкагында жооп берээрин талап кылды. Ушул убакыттан тарта Мадумаров эптеп эркиндигин сактап калуунун айласын издеп, “эң жакшы коргонуу бул – чабуул” ыкмасына өтүп алып, азыркы бийликтин келишкис душманына айланды. Ал азыр кандай гана жол менен болсо да, бийлик менен элдин ортосундагы ажырымды чоңойтуп, коомдук-саясий абалды курчутуп, анын арты менен төңкөрүш уюштуруп, өзү жоопкерчиликтен кутулуп кетүүнү көздөөдө. Бул үчүн каражатын аябай, жер-жерлерди кыдырып, элдер менен жолугуп, фейктерди, журналисттерди, активисттерди жалдап, алар аркылуу бийликти каралаган маалыматтарды таратып жатат.
Мисалы, өткөндө Жогорку Кеңеште баягы көнгөн адатынча текеберчилигине салып, акылдуусунуп, маданиятсыздыгын көрсөтүп министрлер кабинетинин мүчөлөрүн кагып-силкип, куру жемеге алды. Ал муну менен биринчиден өзүн пиар кылгысы келсе, экинчи максаты такыр башкада болгон. Анткени, ал күнү жыйынга жүйөөлүү себептер менен министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров катышкан эмес. Ушундан улам министрлер кабинетинин башчысынын орун басары, УКМК башчысы Камчыбек Ташиев өкмөт мүчөлөрүн жыйынга баштап барган. Мындай мүмкүнчүлүктү текке кетирбеген Мадумаров кырдаалдан пайдаланып Ташиевди депутаттарга каршы тукуруп, эптеп эле аны жаман атка калтыруу үчүн провокациялык кадамдарга барууга түрткөн. Себеби ал Ташиевдин мүнөзүн, мындай басымга чыдай албасын, катуу сөз айтаарын жакшы билген. Ал ошону пайдаланып саясий упай топтойм деген. Жыйынтыгы өзү күткөндөй болбоду. Бул сапар бир-экөөнү эске албаганда эл өкүлдөрү Мадумаровду коргоп чыккан жок. “Өзү тийишкен бала ыйлабайт” – болуп, кесиптештеринин алдында Камчыбек Ташиевден өзүнүн жасаган аракетине жараша жооп алып, катуу кагуу жеп, мыш болуп отуруп берди.
Качан болбосун куру сөз менен алектенип, көз толуп, көңүл толкуткан жарытылуу иши жок, баскан жолу күмөндүү, ар кимди каралап, жамандоо менен алектенген Адахан Мадумаров өзүнүн саясаттагы жашоосунун акыркы мүнөтттөрүн жашап жатканын моюнуна алгысы келбей жатат. Сөз кылган 30 жыл аралыгында Мадумаров бардык баалулуктарын сатып бүттү.
Ал мекенин сатты!
Ал саясаттагы сапарлаштарын сатты!
Ал тилектештерин сатты!
Ал үй-бүлөсүн сатты!
Эми эмнени көздөп жатканын өзү да так билбейт. Ал ушул убакыт аралыгында элдин эсинде кала турган нерсе жарата алган жок. Анын душманы Жапаров менен Ташиев, же Акаев менен Бекназаров эмес. Анын душманы текеберлиги, тапандыгы, менменсинүүсү, көрө албасты болду. Ал муну сезеген жок. Сезсе да моюнуна алгысы келбеди. Мунун азабын Мадумаров дагы далай тартат го.



