Спорт
Айсулуу Тыныбекова спортту улантарын айтты

Белгилей кетсек, балбан Аялдар күрөшү федерациясынын вице-президенти болуп шайланган. Ал бул кызмат аркылуу Кыргызстандагы кыз-келиндер күрөшүнө байланышкан кыял, пландарын ишке ашырарын айтып, бир аз убакыттан кийин спортко кайтып келерин жазган.
«Кыз-келиндер күрөшүнүн потенциалы чоң жана биргеликте мындан да көп ийгиликтерге жетишип, күчтүү чемпиондордун жаңы муунун тарбиялайбыз деп ишенем. Ошондой эле спортто калаарымды айткым келет. Бир аз тыныгуудан кийин килемге кайтып келип, өлкө намысын коргоону улантам«, — деп жазган балбан.
@abal-kg



