Коом

Бекешев: Пенсионерлер пенсияны айдын 10унда алып жатканына нааразы 

Пенсионерлер коммуналдык кызматтардын төлөм кагаздары айдын аягында келип, пенсияны болсо 10унда алып жатканына нааразы болушууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, пенсионерлер төлөмдү өз убагында төлөй албай, туум кошулуп жатканын айтышкан.

Депутатка Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева коммуналдык төлөмдөрдүн квитанциялары айдын 25ине чейин келерин, ал эми пенсия 10унда берилерин айтты.

«Төлөө үчүн толук бир ай убакыт бар. Ал эми пенсияны эртерээк берүү каржылык мүмкүнчүлүккө байланыштуу мүмкүн эмес, анткени министрликтен каражат айдын 5инен кийин гана түшөт», — деп түшүндүрдү ал.

Ошондой эле Бекешев жылуулук жана ысык суу үчүн төлөмдөрдү бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн киргизүүнү сунуштады. Анын айтымында, сумма чоң болгондуктан көпчүлүк адамдар аны дароо төлөй албай жатат.

Тектеш кабарлар

Back to top button