
Президенттик администрациянын коллегиялык жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айрым райондордун акимдерин жана алардын орун басарларын кызматтан бошотконун айтты.
Чечимге ылайык төмөнкү райондордун акимдери жана орун басарлары кызматтан алынган:
- Кемин районунун акими Алайбек Жумаев;
- Кемин районунун акиминин биринчи орун басары Акылбек Мурсалиев;
- Кемин районунун акиминин орун басары Кайрат Жетенбаев;
- Кемин райондук администрациясынын аппарат башчысы Б. Алиев;
- Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев;
- Лейлек районунун акиминин биринчи орун басары Абдирашит Ташбалтаев;
- Жети-Өгүз районунун акиминин биринчи орун басары Адилет Дүйшембиев.



