Коом
Темир тор артындагы баатырлар! Соттолгондор арасында гирия көтөрүү боюнча эл аралык мелдештер өткөрүлдү

Жакында Белоруссиянын Ички иштер министрлигинин Жазаларды аткаруу департаментинин демилгеси менен соттолгондор арасында аралыктан гирия көтөрүү боюнча турнир уюштурулду.
Бул таймаш эл аралык мүнөзгө ээ болуп ага КМШнын үч Азия республикасынан Казакстандын, Өзбекстандын жана биздин өлкөнүн пенитенциардык тутумунун мекемелеринде атайын контингенттин ичинен эң күчтүү спортчулар катышты.
Жыйынтыгында 75 кг салмакка чейинки категорияда мекендешибиз Владимир Катилевский Азия чемпиону болду. Чемпион Эл аралык денгээлдеги Ардак грамота жана медаль менен сыйланды.





