Коом
Депутат тиш дарылатууга барып чарчап калган бөбөктүн окуясы боюнча кармалган анестезиолог үй камагына чыгарылганын сындады
“Бишкек шаардык соту анча оор эмес кылмыш категориясына киргизип коюптур. Наристе, адам өлүп атат, анан канчайча бул оор эмес кылмышка кирет? Баланын энеси кечээ ыйлап президентке кайрылып, өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты”, — деди Камила Талиева.
Эл өкүлү да президент менен төрагага кайрылып, ишти тыкыр көзөмөлгө алууну суранды.



