Коом

Ысык-Көлгө балыктардын чабактары коё берилди

Айыл чарба министрлиги Ысык-Көл көлүнө коё берилген чабактар тууралуу маалымат берди. Анда айтылгандай, Балык чарба департаменти көлмөлөрдөгү балык запастарын сактоо жана көбөйтүү максатында мындай иш-аракеттерди жүргүзүп келет.

Ысык-Көл көлүнүн 13-балык уулоо тилкесине (Тоң суусуна) Ысык-Көл форелинин 100 миң даана чабагы коё берилген;

Ак-Терек тилкесине (9-балык уулоочу участок) форель балыгынын 50 миң даана чабактары коё берилген;

Түп дарыясына Ысык-Көл форель балыгынын 40 миң даана чабагы коё берилген.

«Мындан тышкары, «Тоң балык өстүрүүчү заводу» мамлекеттик ишканасы инкубациялык цехинен Ысык-Көлгө форель-гегаркуни балыгынын 190 000 чабагын чыгарды. Аталган ишкана Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарындагы тилкесине сиг-лудога балыгынан 800 миң даана, Тору-Айгыр аймагына 600 миң чабак коё берилди. Мындай иш-аракеттер улантылат», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button