Бишкектеги мектептерде мыйзамсыз акча чогулткан эки директор кызматтан алынды

Бишкек шаарынын муниципалдык мектептери менен бала бакчаларында ата-энелерден мыйзамсыз акча чогултуу фактыларына бөгөт коюу иштери уланууда. Бул тууралуу шаар мэриясынын Билим берүү департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025–2026-окуу жылында билим берүү мекемелериндеги мыйзамсыз акча чогултууга байланыштуу 25 кайрылуу түшкөн. Ар бир факты боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.Текшерүүнүн жыйынтыгында эки билим берүү мекемесинин жетекчиси кызматынан бошотулса, бир катар директорлорго тартиптик жаза колдонулган.
Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча материалдар укук коргоо жана башка тиешелүү органдарга жөнөтүлүүдө.
Департамент муниципалдык мектептерде жана бала бакчаларда кандай гана болбосун акча чогултуу мыйзам талаптарына каршы келерин эскертти.
Мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн билим берүү мекемелеринин директорлору менен үзгүлтүксүз жыйындар өткөрүлүп, мугалимдерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ата-энелер менен жолугушуулар уюштурулууда.
Мэриянын маалыматына караганда, билим берүү мекемелери жыл сайын шаардык бюджеттен каржыланат. Эгер мурда мектептер менен бала бакчаларды капиталдык оңдоого жылына болжол менен 120 миллион сом бөлүнсө, учурда бул сумма 500 миллион сомдон ашты.
Мындан тышкары, 2026-жылы билим берүү мекемелерин учурдагы оңдоого 183 миллион сомдон ашык каражат каралган. Анын ичинен 54,3 миллион сом биринчи жолу оңдоо иштерин жүргүзө турган подряддык уюмдардын кызмат акысын төлөөгө багытталган.
Муниципалитетте белгилешкендей, оңдоо иштерин жүргүзүү мугалимдердин милдетине кирбейт жана ата-энелердин каражатын тартууну талап кылбайт. Бардык зарыл иштер бюджеттик каражаттын эсебинен аткарылышы керек.
Билим берүү департаменти ата-энелерди мектептерде жана бала бакчаларда мыйзамсыз акча чогултуу фактылары тууралуу дароо кабарлоого чакырды.



