Күзгү депрессияга кабылбаш үчүн азыр аракет кылыңыз: 18-октябрга гороскоп

Кой. Бүгүн сизге тиричилик маселелеринде жоопкерчилик тагылат. Эмне кылаарыңызды билбей калсаңыз, иштин ийгиликтүү аякташына таасир этиши мүмкүн. Ошондуктан ишенимдүү адамдын жардамына таяныңыз.
Букачар. Айланадагылар сизге өтө эле көңүл буруп жиберишет. Ага көңүл бурбоого аракеттенип, өз ишиңиз менен алек болуңуз.
Эгиздер. Каржы маселесин ойлонуңуз. Жакынкы келечекте шашылыш түрдө ири суммадагы акча керек болуп калышы мүмкүн.
Бөйөн. Жумуш орунду жана үйүңүздү тазалаңыз. Ашыкча буюмдардан арылып, жаңы буюмдарды орун бошотуңуз.
Арстан. Бүгүн жетекчилик менен талашпай эле коюңуз. Жагымсыз сүйлөшүүнү кийинкиге калтырыңыз жана бул темага кабатыр болбоңуз.
Бийкеч. Образыңызды жаңыртууга сулуулук салонуна барыңыз. Гардеробко күзгү образдарды кошуңуз, айланадагылар сизден көз ала албай тургандай болушсун.
Тараза. Алдыда болчу сапарга камыныңыз. Багытты тандап, жалгыз баргыңыз келеби же компания мененби, чечиңиз. Кандай болгон учурда дагы өз каалооңузга гана басым жасаңыз.
Чаян. Бүгүн жетекчилик менен сүйлөшүүдө оор кырдаал жаралышы мүмкүн. Эки тарапка тең орток пикир табууга оор болот.
Жаачы. Үйүңүздү жыйнап-тазалаңыз. Бул мээңизди катырган ойлордон арылууга жардам берет. Астрологдор үй тазалап жатканда күтүлбөгөн табылга табаарыңызды айтышууда.
Текечер. Күнүмдүк тиричиликтин түйшүгүнөн алыстаткан кандайдыр бир жаңы нерсе менен алектенип көрүңүз. Бул сиздин жашооңуздун жаңы этабынын башталышы болуп бериши мүмкүн.
Суу пери. Интуицияңызга кулак төшөңүз. Күн негизинен ийгиликтүү болот, ошондуктан кандайдыр бир жаман нерсени күтүп кабатыр болбоңуз.
Балык. Ден соолукту чыңдоочу процедураларды жасаңыз, бир гана физикалык жактан эмес, жандүйнөңүздү да дарылоого муктажсыз. Мындай нерсеге кайдыгер карабаңыз, азыр аракет кылбасаңыз алдыда күзгү депрессияга түшүп калышыңыз мүмкүн.



