«Тоодогу карга барышмак». Ала-Арчада ата менен кыздын жансыз денеси табылган окуянын жаңы жагдайы

Ала-Арча тоосуна 3-август күнү чыгып кетип, 1982-жылы туулган атасы жана 2015-жылы туулган кызы дайынсыз болуп жаткан. Кечээ экөөнүн тең жансыз денеси табылган.
«Саат 9:53тө изделип жаткан адамдын сөөгү Ала-Арча суусунда жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Куткаруучулар жарандын сөөгүн саат 15:30да таап, алып чыгышкан. Бир нече саат издөө иштерин жүргүзгөн соң, кызынын сөөгүн да табышкан»,- дешкен ӨКМден.
Чүй ОИИБден маалымат беришти. «Атасы менен кызы тоого түнөө үчүн барышкан. Алар бейшемби күнү чыгып, тоодогу карга барууну жана жума күнү кайтып келүүнү пландашкан. Бирок жума күнү кайтып келишкен эмес. Алардын жакындары милицияга ишемби күнү кайрылышкан. Алардын жансыз денеси Ала-Арча суусунан табылган. Алардын кантип сууда болуп калганы аныкталып жатат. Бирок алардын маршрутунда суу болгон»,- дешти милициядан.



