ВИДЕО: Элди тоногон милиция кызматкерине кайсы чиновниктер “крыша” экени айтылууда

Жакында 2023-жылдын 24-мартында КР ИИМин Ички иликтөө кызматы жана КР УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте Биринчи май РИИБнин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери массаждык салондордун ээлеринен аларды “калкалоо үчүн” системалуу түрдө опузалап акча алуу фактысы боюнча кармалган эле.
Тактап айтканда, Биринчи май РИИБнин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Э.Д.Т., улук ыкчам кызматкери М.Ж.К. жана ыкчам кызматкери Д.А.Б. кармалган.
Ишкерлерди “калкалоо үчүн” акча алып кармалган бул милиция кызматкерлерине ким “крыша” болуп коргоп жатканы жана алардын жогорку кызматта иштеген тааныш, достору тууралуу видео социалдык тармактарга тарады.
Бул видеодо ишкерлерден акча алып, шектелип кармалган милицияны кимдер коргоп, “крыша” болгону тууралуу айтылат:
«Милиция элдин укугун коргобой эле, элдин тонойбу, эми буларга тиешелүү органдардын күчү жетеби?» деген суроолор социалдык тармактарда жазылууда.
Чындап эле жогору жакта, чоң кызматта иштеген тааныш, дос, туугандары бар мындай милиция эми суудан кургак чыкпаса болду…



