Пайдалуу кеңештер

Тырмак алгычыңызды башкаларга колдонууга бербеңиз, бул зыян

Көпчүлүк учурда тырмак алгычты коопсуз буюм катары көрүп, бирөөлөрдүн колдонуусуна каршы чыкпайбыз. Бирок адистер мындай кылуу туура эместигин айтышат.

Сиз балким, тырмак алгычыңыз менен башка бирөө тырмагын алса же сиз башка бирөөнүн тырмак алгычын колдонсоңуз, мындан эч нерсе болбойт деп ойлойт чыгаарсыз. Көрсө, сиз ойлогондон кооптуурак экен. Тырмак алгыч менен тырмагыңызга же анын тегерегиндеги териге инфекция келиши мүмкүн. Айрым учурда бул — тырмак кычыткысы, теридеги шакекче, ал турмак тамандын оорусу да болушу мүмкүн. Ошондуктан тырмак алгыч жеке өзүңүздүн колдонууңузда болууга тийиш жана аны таза кармап, маал-маалы менен самын аралашкан суу менен жууп, тазалагыч каражаттарды сээп коюп туруңуз.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button