Коом

Ысык-Көлдө тоо тарапка кетип жоголгон аял менен эркек киши ашуудан табылды

Ысык-Көлдө дайынсыз жоголгон 44 жаштагы эркек киши менен 45 жаштагы аял аман-эсен табылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Алар 18-сентябрь күнү Ак-Суу районунун Эңилчек айылынан чыгып, Баш-Көл деп аталган тоо тарапка кетишкен. Туугандарынын айтымында, экөө тең 28-сентябрда кайтып келиши керек болчу.

4-октябрь күнү таң эрте жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн беш куткаруучу, төрт милиционер жана жергиликтүү үч тургун тартылган. Ошол күнү саат 13:00дө Эңилчек айылына жетип түнөп калышкан. Бүгүн, 5-октябрда, саат 06:00дө куткаруу тобу Баш-Көл көлүнө барып, эркек менен аялды Теректи ашуусунан аман-эсен табышкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button