Коом
Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

13:00дөн тарта Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда (Сосновка постунан) оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлады.
Учурда аймакты караган № 9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрүүдө.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.



