Коом
Мамкурулуш Бишкектеги имараттардын сапаты кандай текшерилерин көрсөттү

Журналисттерге пресс-тур уюштурулуп, мурунку №47 колониянын ордуна курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөр көрсөтүлдү. Адистер бетондун бекемдигин, жер титирөөгө туруктуулугун текшерди.
Агенттиктин башчысы Нурдан Орунтаев мыйзамдуу курулган бардык имараттар 9 баллдык жер титирөөгө туруштук бере аларын айтты.
“Ал эми мыйзамсыз курулган имараттарга биз жооп бере албайбыз. Алардын документтери жок, сыноодон өткөн эмес. Тизме биздин сайтта ачык жарыяланып турат”, — деди Орунтаев.



