Ала-Арча коругунда сел жүрүшү ыктымал

Бишкек мэри Ала-Арча капчыгайында сел жүрүү коркунучуна байланыштуу өзгөчө режимин жарыялады.
Айбек Жунушалиев жарандык коргонуу боюнча штабдын жыйынын өткөрдү .
ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысынын орун басары Алтынбек Тухтаров Ала-Арча капчыгайындагы абал, Адыгене көлү тууралуу маалымат берди. Картада чөгүп кетиши мүмкүн болгон жерлер да көрсөтүлгөн.
ӨКМ аталган көл учурда коркунуч жаратпай турганын маалымдаган
Илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун директору Догдурбек Чонтоев Адыгене көлү коркунуч туудурбай турганын, бирок тобокелдиктердин булагы боло турган тайыз көлдөр бар экенин айткан.
Ал болжол менен июлдун ортосу жана августтун башы сел кооптуулугу күчөгөн учур экенин божомолдогон. Ошондуктан кырдаалга мониторинг жүргүзүп, көзөмөл кызматтары тарабынан тийиштүү иштерди улантуу керек.
Жыйында мэр ӨКМ, Илимдер академиясынын адистери менен Ала-Арча капчыгайынын үстүнөн учуу чечимин кабыл алды.
Жетекчилерге атайын техника бере ала турган курулуш уюмдарынын күчүн, каражаттарын изилдеп чыгуу тапшырмасы берилди.
Төрт райондун акимдерине кооптуу аймактарда күзөт уюштуруу тапшырылды.



