Коом

Кыргызстанда 1 миңден ашуун ветеринар жетишсиз

Бул тууралуу «Биринчи радио» эфиринде Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматындагы каршы эпизоотиялык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Абай Казаков билдирди.

Анын айтымында, мал чарба тармагына жалпысынан 2 миң 300гө жакын ветеринар керек болсо, учурда болгону 1 миң 200 адис иштеп жатат.

Административдик-аймактык реформа учурунда айыл өкмөттөрүнүн саны 400дөн 235ке чейин кыскартылган. Алардын ичинен 192синде гана адистер бар, калгандарында жок.

Ушуга байланыштуу айрым иштер, анын ичинде үй жаныбарларын эмдөө, жеке ветеринарларды тартуу аркылуу жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button