Окуялар
Ысык-Атада чуңкурга түшүп кеткен адам куткарылды

Ысык-Атада чуңкурга түшүп кеткен адам куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопакровка айылында тереңдиги болжол менен 3 метр болгон чуңкурга мас абалындагы эркек киши түшүп кеткен.
Жерине 3 куткаруучу тартылып, ал адамды чуңкурдан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришти.



