Садыр Жапаров: Кыргызстан жакын арада сомду өзү басып чыгара баштайт

Жакын арада Кыргызстан улуттук валютанын банкнотторун республика ичинде басып чыгара баштайт, тиешелүү иштер жүргүзүлүп, керектүү техника алынды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатып билдирди.
Белгилей кетсек, салтанат Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү.
Өлкө башчы 1993-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынып, андан көп өтпөй эле улуттук валюта жүгүртүүгө киргизилгенин эске салды.
Президент өз сөзүндө Кыргызстандын каржы системасы, улуттук төлөм, банк системасы дүйнөлүк каржы-экономикалык кризистердин таасирине карабастан өзүнүн бекемдигин көрсөтүп, өнүгүп келе жатканын белгиледи.
Каржы рыногунун өнүгүүсүнө таасир эткен эң негизги фактор – бул калктын ишеними. Президент эл финансылык продукцияны керектөөчү катары каржылык уюмдардын ишине баа берерин, ошондуктан каржылык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана дүйнөлүк тенденцияларга шайкеш келген каржылык технологияларды киргизүү жолу менен калктын ишенимин мындан ары жогорулатуу зарыл экенине токтолду.
Жапаров 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында каржы рыногун өнүктүрүү маанилүү багыттардын бири катары каралганын эске салды.
Ага жараша банк секторун андан ары өнүктүрүү үчүн төмөнкү багыттар боюнча иш алып баруу зарыл:
калкка жана чарба жүргүзүүчү субъекттерге каржылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн арттыруу;
санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүү;
санариптик сомду колдонуунун пилоттук долбоорун ишке ашыруу;
экономиканын реалдуу секторун колдоо үчүн жеңилдетилген каржылоо.
«Азыркы учурда дүйнө жүзүндө болуп жаткан окуялар маалында тышкы каржы рынокторунда башка өлкөлөрдүн валюталарынын курсунун туруксуздугу байкалууда. Түзүлгөн жагдай Улуттук банктын каржылык институт катары маанилүүлүгүн көрсөтүп турат. Ал улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн сактоо, каржылык-банктык системанын туруктуулугун камсыз кылуу, ошондой эле калктын каржылык мекемелерге болгон ишенимин сактоо боюнча иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүүнү улантышы кажет» — деди өлкө башчы.



