Коом
Депутаттар желектеги күн нурунун формасын өзгөртүүнү сунуштады

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – төрага Нурлан Шакиев менен депутат Улан Примов.
Алар “түндүк менен күндүн нурун караганда күн караманын гүлү, же болбосо боз үйдүн тышкы бети сыяктуу түрдүү интерпретациядагы диллема” пайда болгондугун айтышкан.
Ушуга байланыштуу туудагы күн нурунун толкун сымал формасын күндү түз чагылдырган нурларынын формасына өзгөртүү сунушталат.



