Коом
ВИДЕО: Ак илбирс кайра жаратылышка кое берилди

Боролдой айылында кармалган ак илбирс Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркында табигый жашоо чөйрөсүнө ийгиликтүү кое берилди.


Жаныбар адистердин көзөмөлүндө бардык ветеринардык жана биологиялык текшерүүлөрдөн өттү. Анын жашы 3–4 жаш, эркек, салмагы 42,7 кг, узундугу болжол менен 2 метр.

Ак илбирс убактылуу Чүй облусуна караштуу Сайлуу-Терек жайлоосундагы Германиянын жаратылышты коргоо союзунун (НАБУ) филиалына караштуу жапайы жаныбарларды калыбына келтирүү борборунда жайгаштырылып, толук ветеринардык кароодон өткөндөн кийин бүгүн кайра жаратылышка кое берилди.



