Коом
Билим берүү министрлиги МинКабга кайрылды: Студенттердин окуу графиги ыңгайсыздык жаратууда

Билим берүү жана илим министрлиги президенттин администрациясына кат жолдоду. Анда жогорку окуу жайларындагы жана орто кесиптик окуу жайларындагы окуу графигин кайрадан карап чыгуу өтүнүчү келтирилген. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Эске салсак, Министрлер Кабинетинин чечими менен 2024-2025-окуу жылында окуу графиги өзгөртүлүп, жаңы эрежеге ылайык, 1-нөөмөттөгүлөрдүн сабагы 10.00дөн эрте эмес убакытта башталып калган. Бул мэриянын жол тыгындарды азайтуу аракетинен улам болгон. Анын айынан учурда 2-нөөмөттөгү студенттердин сабагы 20.00дө аяктайт.
Студенттер 20.00дө сабак аяктап, үйлөрүнө жеткиче 21.00, 22.00 болуп кетип жатканын айтып, окуу графигин өзгөртүүнү тийиштүү кызматтардан талап кылышкан.



