Бишкек мэриясы Айтматов проспектисин бойлой өскөн теректер эмне үчүн кыйыларын айтты

Союз маалында бекитилген норматив боюнча, теректер 40-45 жылга чейин жарамдуу. Биздин теректер 1972-1975-жылдары тигилген, мөөнөтү келип, ооруп, көркү да кеткен. Шамал болсо унаалардын, жүргүнчүлөрдүн үстүнө түшүү коркунучу бар.
Кеп Айтматов проспектисинин Ажыбек баатыр көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү 1600 терек тууралуу болууда. Биринчи этапта 160 дарактын ордуна жаңысын отургузуу каралган.
Теректер кыйылса, газон, сугат системаларды да жаңыртылат. Бирок жол кеңейтилбейт.
Азырынча бактардын ордуна зараң (клён), липа, акация, каштан, кайра эле терек тигүү сунуштары каралып жатат.
Мэрия кыйылган дарактарды аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берүүгө даяр.
Мэрия мындай чечимди Ботаникалык бактын, Токой чарбасынын, Илимдер академиясынын өкүлдөрү менен акылдашкан соң кабыл алган



