Коом

Кулукеев: Улуттук госпитал — эң акыркы этап, бейтаптар алгач Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылышы керек

Улуттук госпиталдын башкы врачынын орун басары Улукбек Кулукеев «Биринчи радионун» эфиринде акыркы учурда скутер, велосипед жана мотоциклдер катышкан жол кырсыктары көбөйүп жатканын айтты.

Айтымында, Улуттук госпиталда жыл сайын 40 миң адам стационардык дарылануудан өтүшөт.

Тез жардам көрсөтүүнүн 12 бөлүмүндө жыл сайын 60 -70 миң адам амбулатордук жардам алат. Ал эми Улуттук госпиталдын поликлиникасында 110-120 миң адам жыл сайын консультативдик жана медициналык жардам алып турушат.

«Айрым бейтаптар аймактарда эле дарыланса боло турган оорулары менен бизге келип алышат. Анан кезек күтүү башталат. Бейтаптар мисалы, бишкектиктер биринчи кезекте жашаган жерине караштуу үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылып, текшерүүдөн өтүп, дарыланышы керек. Ал жактан жардам болбосо шаардык ооруканаларга кайрылышы керек. Андан да жакшы болбосо анда биздин госпиталга келсе болот. Бирок жарандар бул этаптан өтпөй эле бизге келип алышат. Бизге пландуу оорулар жолдомо менен келиши керек, а эгер шашылыш оору болсо, анда жолдомо талап кылынбайт», — деди дарыгер.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button