Коом

Вебкам-студия уюштуруучу делген Даниель Ажиев 600 миң сом коротуп туулган күнүн өткөрдү

Вебкам-студия уюштуруучу делген Даниель Ажиев туулган күнүн өткөрдү. Ал социалдык тармактагы баракчасына майрамдан видеолорду бөлүштү.

Даниель Ажиев ага арналган иш-чаранын аягында ресторанга төлөнгөн чекти жүктөгөн. Анда 600 миң сомдон ашык каражат кеткенин көрүүгө болот. Ошондой эле тамаданын тойдо 100 долларлык купюраларды берип жатканын көрүүгө болот.

Даниель Ажиев 2018-жылы өз батиринде вебкам-студия уюштургандыгы, порнография тараткандыгы үчүн соттолгон. 2020-жылы пандемия учурунда алты миллион кыргызстандыкты Инстаграмдагы баракчасы аркылуу сөккөндүгү үчүн кармалып, кийин соттун чечими менен Жаңы-Жер айылындагы психиатриялык диспансерде мажбурланып дарыланууга жөнөтүлгөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button