Коом

Нарында дайынсыз болгон шаар тургунун издөөгө 36 куткаруучу тартылды

Нарында дайынсыз болгон шаар тургунун издөөгө 36 куткаруучу тартылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Нарын шаарынын 53 жаштагы С.В. аттуу тургуну 11-ноябрда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Учурда аталган жаранды куткаруучулар шаардын ички көчөлөрүн жана Нарын дарыясынын жээктеринен, аралдардан издеп жатат.

Буга чейин дагы куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүп, бирок издөө натыйжа бере элек.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button