Коом
«Дөө Чыңгызды» кармоо операциясы жүрүп жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт

«Дөө Чыңгызды» кармоо операциясы жүрүп жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт
«Дөө Чынгыз» каймана аты бар, криминалдык афторитеттин унаасы аткыланып, адамдар арасында ок атышуу орун алды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу ИИМ деги өздүк булактар билдиришти.
Ысык-Ата районунда кылмыштуу топко каршы атайын операция болгон.
Кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо операциялары байма-бай болуп турат. Болгону учурда аракеттер күчөтүлгөн режимде уюштурулууда,-дейт ИИМ өкүлү.
Эске сала кетсек, бүгүн ММК булактарына ким төбөл Дөө Чыңгызга от атылып, ал качып кеткендиги тууралуу маалыматтар тараган.



