Кыргызстанда күзүндө пенсияны жогорулатуу күтүлүүдө

2026-жылдын күзүндө Кыргызстанда пенсияны жогорулатуу күтүлүүдө. Бул тууралуу Женишбек Мукамбетов «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, учурда республикадагы минималдык пенсиянын өлчөмү 7,1 миң сомду түзөт.
«2024-жылдын 1-июлуна чейин айрым жарандар 1 миң же 2 миң сом гана пенсия алышчу. Анткени аларга төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнө жана эмгек стажына жараша толук эмес пенсия дайындалган. Реформалардын, жөнөкөйлөтүүлөрдүн жана мамлекет башчысынын чечимдеринин негизинде азыр минималдык пенсия 7,1 миң сом болду. Албетте, бул жетишсиз. Бул багытта Социалдык фонд иш алып барууда», — деди Женишбек Мукамбетов.
Ал пенсиянын өлчөмү жыл сайын инфляция жана орточо айлык маянанын өсүшү эске алынып индексацияланып турарын белгиледи.
«2026-жылы да пенсияны болжол менен октябрь айында көтөрүү пландалууда. Жарым жылдыктын жыйынтыгы менен Социалдык фонддун бюджети канча камсыздандыруу төгүмдөрү менен толукталганы белгилүү болот. Ошого жараша мүмкүн болгон жогорулатуунун пайызы эсептелет. Пенсионерлер жыл башынан бери эле пенсия канчага көбөйөрүн сурап жатышат, бирок биз реалдуу түшкөн каражаттарга жараша эсеп жүргүзөбүз», — деп баса белгиледи ал.
Анын маалыматына ылайык, республика боюнча орточо пенсиянын өлчөмү 11,3 миң сомду түзөт.



