Коом

Зардалыга барчу жолдо кеңейтүү, белгилерди орнотуу жумуштары жүрүп жатат

Зардалы айылына баруучу жолдун Сары-Талаа — Кызыл-Таш бөлүгүндө кеңейтүү (бургулоо, жардыруу) жумуштары жүрүп жатат.

Бул тууралуу Транспорт министрлигинен маалымдашты.

Унаа кыймылынын багытын жакшыртуу үчүн белгилер орнотулууда. Жеринде №2 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иш алып барууда.

Зардалы — Баткен облусунун бийик тоолуу, жетүүгө кыйын зонадагы айылы. Жол жыл сайын май-июнь айларында ачылып, кыш түшкөндө жүрүүгө мүмкүн болбой калат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button