Коом

Бишкектин негизги көчөлөрү төрт күн маал-маалы менен жабылып турат

Бишкекте 17-20-июнь күндөрү Фучик, Чүй, Манас, Абдрахманов, Ахунбаев жана Жибек Жолу проспектилеринде маал-маалы менен унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн борбор калаада КМШ мамлекеттеринин ИИМ жетекчилеринин VI кеңешмеси өтөт.

Мындан улам жол милициясы аталган көчөлөрдө коомдук тартип жана жол кыймылынын коопсуздугу тынымсыз көзөмөлгө алынарын белгиледи.

Тектеш кабарлар

Back to top button