Коом

Кантта бычак менен денесине залал келтирген шектүү жаран кармалды

2023-жылдын 21-декабрынан 22-декабрына караган түнү Кант шаарынын Мэриясында кызмат өтөп жаткан милициянын кенже сержанты Каныбеков Ийгилик мекеменин айланасын түнкү кароо учурунда тротуар менен эңкейип келе жаткан жаранды байкап калып токтоп калганда, ал жаран мени бычак менен сайып салды деп кыйкырып жерге отура калган.


Милиция кызматкери коопсуздук эрежелерин сактоо менен жанына барып сүйлөшүп, бычак кирген жерин сыртынан карап биринчи медициналык жардам көрсөтүп, болгон окуяны тактап уюлдук телефону аркылуу чакырылган кармоо тобу келип, окуя болгон жерден кылмыштын изи сууй электе кыргыз улутундагы 1992-жылы туулган Т. уулу Н. кармалган.
Кылмышка шектелген Т.у.Н. Ысык-Ата РИИБге жеткирилип, ал эми жабырлануучу 1989-жылы туулган Д.К. ичинин сол капталынан кан агып жаткандыгына байланыштуу медициналык тез жардамды күтпөстөн Ысык-Ата аймактык ооруканасына тез арада жеткирип, медицина кызматкерлерине өткөрүп берген.
Жабырлануучу жеткирүү убагында курулуш тармагында иштерин, Кант шаарына иштегени келгендигин, бул күнү жумуштан кийин тааныш балдар менен спирт ичимдигин ичишкендигин жана эч себепсиз “Н” аттуу жаран эт кесип жаткан бычак менен ичине сайып салгандыгын айткан.
Аталган факт боюнча, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинде “Ден соолукка оор залал келтирүү” каралган кылмыштын белгилери менен козголду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button