Дүйнө

Владимир Путиндин Алла Пугачевага болгон мамилеси жакшы экени маалымдалды

Орусиянын президенти Владимир Путин ырчы, СССРдин эл артисти Алла Пугачева менен жакшы мамиледе. Бул тууралуу орус лидеринин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Life басылмасынын тиешелүү суроосуна жооп берип жатып билдирди. 

«Жакшы эле, алар бири-бирин билишет жана бир нече жолу жолугушкан», — деди Песков. 

Өткөн жумада Алла Пугачева чет жерде узак убакыт жүрүп, Орусияга кайткан. Ал жолдошу Максим Галкин жана балдары менен Украинада атайын операция башталгандан кийин Орусиядан чыгып кеткен болчу. Соцтармакка тарап кеткен видеого ылайык, ырчы өлкөгө иштерин тартипке келтирүү үчүн келген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button