Коом

УКМК: Аялына зомбулук көрсөтүп, туугандарын алдаган жаран кармалды

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай,  УКМКнын дарегине КР жараны М.Т.дан күйөөсү Р.У.Н. тарабынан үй-бүлөлүк зомбулук болуп жатканы тууралуу, анын кесепетинен борбор калаадагы медициналык мекемелердин бирине жаткырылып, ал жактан тиешелүү дарылануу жана үй-бүлөлүк психологдун консультациясын алып жатканы тууралуу арыз келип түшкөн.

Тергөөдө Р.У.Н. үй-бүлөлүк чыр-чатактардан улам жубайынын ден соолугуна ар дайым залал келтирип, физикалык зыян келтирүү менен коркутуп, аялына моралдык-психологиялык кысым көрсөтүп, ошондой эле анын туугандарынын ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен 30 миң АКШ долларын алып, көпкө чейин кайтарып бербей келгени аныкталды. Ошол эле учурда аялы алган акча каражаттарды кайтарып берүүнү суранганда Р.У.Н. системалуу түрдө ур-токмокко алып, денесине залал келтирип турган. Ден соолукка зыян келтирүү жана алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда Р.У.Н. Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, системалуу түрдө ур-токмокко алуу фактысы боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды, керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында юридикалык баа берилип, тиешелүү чаралар көрүлөт.

Кыргыз Республикасынын УКМК үй-бүлөлүк зомбулук фактыларына жол берилбестигин, аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу чаралар көрүлөрүн эскертип, мындай фактылар катталган учурда дароо билдирүүнү өтүнөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button