Коом

Оорулуу каралбай, каза болгон. Ак-Суу райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун үч дарыгери кармалды

2023-жылдын июль айында Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Теплоключенка айылынын тургуну кайрылып, Ак-Суу райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун дарыгерлерине карата мыйзам чегинде чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Өз арызында, 2023-жылдын 25-июлунда ичинин катуу ооруганынан улам 18 жаштагы кызын райондук ооруканага алып келгендигин көрсөткөн. Бирок дарыгерлер бейтапты ооруканага жаткырбастан, дары жазып берүү менен чектелишкен. Натыйжада, 28-июль күнү кызынын ден соолугу начарлап, аны тез жардам кызматы алып кеткен.

Аталган арыз Ак-Суу РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесинин (Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө, Ак-Суу РИИБдин тергөө кызматы тарабынан 25-июль күнү Теплоключенка айылынын 51 жаштагы тургуну И.А. ичинин катуу оорушунан улам жана тез кусуп жатканынан 18 жаштагы Т.У. аттуу кызын Ак-Суу районундагы жалпы дарыгерлер практикалык борборуна алып келген. Ошол күнү аны караган дарыгер-педиатр Т.К., оорусу менен кайрылган кызы менен маектешип, бир күн мурун кызы конокто ачуу салат жегенден улам, ичи ооруп кусуп, ичи өтүп жаткандыгын билген. Дарыгер дарыларды жазып берип, бейтапты ооркунага жаткырбастан үйүнө жөнөтүп жиберген.

Эртеси оорусу басылбагандыктан, кыз кайрадан Ак-Суу райондук ЖДПБга кайрылган. Ал жерден нөөмөттөгү анестезиолог-реаниматолог дарыгери О.М. карап, кызды ооруканага жаткырбастан, дарыларды жазып берип, кайрадан үйүнө жөнөткөн.

28-июль күнү тынымсыз ооругандыктан Ак-Суу райондук ЖДПБга кайрадан кайрылышып, инфекция бөлүмдүн дарыгер-ординатору Э.Г. кайрылган бейтапты карап, аталган бөлүмгө жаткырган.

29-июлда кыздын оорусу күчөп, эсин жоготкон. Буга байланыштуу ал Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө которулган. 31-июлда бейтап республикалык улуттук госпиталына жеткирилип, 5-сентябрда каза болгону аныкталган.

Дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундусу жабырлануучу тамак аштан уулануунун натыйжасында каза болгондугун көрсөткөн.

Дарыгерлердин аракеттерине укуктук баа берүү үчүн комплекстүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык соттук-медициналык экспертиза борбору тарабынан жүргүзүлгөн.

Комплекстүү соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен үстүбүздөгү жылдын 7-февралында Ак-Суу РИИБдин тергөө кызматы тарабынан дарыгер-педиатр Т.К., анестезиолог-реаниматолог О.М. жана врач-ординатор Е.Г. Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелеринин негизинде Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ак-Суу райондук сотунун чечими менен аларга карата тергөө мезгилинде үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынды.

Кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button