Коом

Ташиев УКМК кызматкери коррупцияга айыпталып кармалганын билдирди

УКМК кызматкери коррупцияга айыпталып кармалды. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев футбол стадионунун курулуш иштери жүрүп жаткан жерден журналисттерге маалымат берип жатып билдирди.

Ташиев аталган кызматкер Жалал-Абадда 5-6 жылдан бери ишкерден акча опузалап жүргөнүн белгиледи.

«Кечээ түндө өзүбүздүн кызматкерлерди кармадык. Ачык эле айтып коёюн, ал — капитан Дурусалиев. Биз аны Бишкектеги борбордук аппаратка котордук. Анан «кызматтан жогоруладым, жетекчилер менен бөлүшөм» деп алдап, ошол ишкерден дагы көбүрөөк акча талап кылган. Эми биздин арабызда дагы коррупционерлер бар. Бирок алардын саны өтө аз», — деди УКМК төрагасы.

Ошондой эле ал 2023-жылы устав, буйрук, көрсөтмөлөрдү бузгандыгы үчүн УКМКнын 33 кызматкери иштен алынганын, бешөө камалганын кошумчалады. Ушул жылдын биринчи квраталында 30 эреже бузуу аныкталып, беш кызматкер иштен алынса, үчөөнө кылмыш иши козголгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button