Ысык-Көл облусунда экологиялык милициянын түзүлүшүнө карата спорттук иш-чара болуп өттү — ФОТО

Эки жылдан бери Ысык-Көл облусунун аймагында туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери туристтердин коопсуздугун камсыздоодо жана экологиялык багытындагы укук бузуулар менен күрөшүүдө талыкпаган иш-аракеттерди турмушка ашырып келүүдө.
Аталган датага карата Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын «Динамо» спорт комплексинде кичи-футбол боюнча мелдеш болуп өттү. Спорттук иш-чарага жеке эле милиция кызматкерлери эмес, экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга чакырылган мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүн камтыган 12 команда катышты.

Мелдешти ачып жаткан Ысык-Көл ОИИБдин башчысынын орун басары Арсен Самаев, аталган кызмат өзгөчө милдеттерди аткаргандыктан, милициянын жалпы ишине жеке эле мамлекетибиздин жарандары эмес, чет мамлекеттин жарандары да өздөрүнүн бааларын беришерин белгиледи. «Сиздердин негизги милдеттериӊер – приоритеттүү багыттарынын бири болуп эсептелинет. Бул – биздин уникалдуу жаратылышыбызды, анын жаныбарларын коргоо жана меймандарыбыздын, башкача айтканда чет мамлекеттик туристердин коопсуздугун камсыз кылуу. Сиздерди, туристтик-экологиялык милициясынын экинчи жылдыгы менен куттуктаймын», — деп белгиледи өз сөзүндө Арсен Самаев.

Спорттук оюндун жыйынтыгы менен турнирдин жеӊичүүсү болуп Каракол шаарынын күзөт кызматынын командасы болуп чыкты. Экинчи орунга Түп РИИБдин командасы татыктуу болсо, үчүнчү орунду Кыргыз Республикасынын АБПнын Ысык-Көл облусу боюнча атайын операцияларды өткөрүү отрядынын командасы ээледи.
Турнирдин жеӊичүүсү жана байгелүү орудардын ээлерине медаль, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.





