Коом

15-августка карата аба ырайы

15-августта күндүз тоолуу райондордо жаан жаайт, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында +30…+35, Таласта +26…+31, Баткен өрөөнүндө +29..+34, Ысык-Көл жергесинде +29…+29, Нарын аймагында +25…+30 градус ысык болот.

Күндүн табы борбор калаада жана Ош шаарында +32…+34 градуска көтөрүлсө, Чолпон-Атада +24…+26га чейин жетет.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button