Коом

Улуу Ата Мекендик согушка 81 жыл. Таласта “Баатырлар паркында” митинг-реквием өттү

Бүгүн Талас шаарында Улуу Жеңиштин 81 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Иш-чара «Баатырлар» паркында башталып, митинг-реквием менен өттү. Андан соң «Өлбөс полк» акциясынын алкагында жүрүш уюштурулуп, ага 700 адам катышты.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев жана Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Узакбаев катышты.

Талас шаарынын борбордук аянтында өткөн майрамдык салтанатта Талас облусунун башчысы Эрмат Джумаев жалпы журтту куттуктап, мындай деди:

«9-Май — ата-бабаларыбыздын өлбөс-өчпөс эрдигин даңазалаган улуу күн. Көп улуттуу элибиздин биримдиги жана ынтымагы менен келген Жеңиш бизге бүгүнкү жаркын жана бейпил жашоону тартуулады. Согушта эрдик көрсөтүп, Жеңиш үчүн өз жанын курман кылган жоокерлердин элеси ар дайым жүрөгүбүздө сакталат. Жерибизде тынчтыктын ыры жаңырып, элибизде ынтымак өкүм сүрүп, молчулук менен токчулук болсун. Эч ким, эч качан унутулбайт!»

Улуу Ата Мекендик согушка Талас облусунан 17 миң 85 жоокер аттанган. Алардын 7 миң 373 курман болуп, 6 миң 270 дайынсыз жоголгон.

Талас облусунан Улуу Ата Мекендик согуштун жүрүшүндө беш Советтер Союзунун Баатыры чыккан. Алардын ичинен дүйнөгө кеңири таанылган баатырлар — Чолпонбай Түлөбердиев жана Асанбек Оторбаев.

Тектеш кабарлар

Back to top button