Коом
Коронавирус. Акыркы суткада 332 адамдан аныкталып, 8 бейтап каза болду

Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 вирусу 332 кишиден лабораториялык жол менен аныкталды. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабы билдирди.
Аймактар боюнча жуктургандар:
Бишкекте — 108
Ош облусунда — 47,
Баткен облусунда — 37,
Жалал-Абад облусунда – 33,
Чүй облусунда – 31,
Ош шаарында – 27,
Ысык-Көл облусу – 25,
Талас облусунда – 15,
Нарын облусунда — 9.
Өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдет жугузуп алгандар 39919га жетти.
Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан сегиз адам көз жумду. COVID-19дан каза болгондордун жаңы учурлары, пневмонияны эсепке алганда:
- Бишкек – 4;
- Ысык-Көл облусу – 1;
- Ош облусу – 1;
- Баткен облусу – 2.
Коронавирустан Кыргызстанда март айынан бери 1468 адам каза тапты.



