Дайынсыз жоголгон мигрант Москвада батирлердин биринде өлтүрүлүп, диванга катылган абалда табылды

Россия Федерациясынын Москва шаары боюнча тергөө комитети Люблинская көчөсүндөгү ижара батирден 33 жаштагы кыргызстандык Айгерим аттуу аялдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү боюнча ишти иликтеп жатат. Бул тууралуу орусиялык ЖМКлар жазышты.
Маркум Москвадагы ооруканалардын биринде тазалоочу болуп иштеп, эки мекендеши менен эки бөлмөлүү батирди ижарага алып жашап жүргөн. Ал 8-майдан бери байланышка чыкпай калган. Байкоо камералары кечки саат 21:00дөр чамасында анын подъездге киргенин тартып алган, андан кийин дайынсыз жоголгон.
Жоголгон аялдын эжеси 12-май күнү батирге барган. Ал учурда үйдө квартиранттардын бири болгон. Тууганы батирди сыртынан карап чыккан, бирок шектүү эч нерсе байкаган эмес.
Үй-бүлөсү 18-майда кайрадан батирге келишкен. Кароо учурунда жакындары анын сөөгүн дивандын ичине катылган абалда табышкан. Кылмышкерлер маркумдун денесин полиэтилен баштыктарга ороп, скотч менен таңып коюшкан. Соттук-медициналык экспертиза анын моюнунда бычактан жараат бар экенин жана колдорунда коргонуу учурунда пайда болгон жаракаттарды аныктаган.
Бул анын кол салуучуларга каршылык көрсөткөнүн көрсөтөт.
Полиция кызматкерлери окуя болгон жерден үч бычакты алып кетишкен. Алардын экөөнөн кан табылган. Ошондой эле кайчы, скотчтун түрмөктөрү жана төшөнчүлөр алынган.
Укук коргоо органдары дароо 31 жаштагы кошуна квартирантты кармашкан. Ал эми экинчи квартирант — 30 жаштагы кыргызстандык жаран — 11-12-май күндөрү батирден чыгып кеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал Казакстандын аймагына качып кеткен болушу мүмкүн.
Тергөөчүлөр Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси («Адам өлтүрүү») боюнча кылмыш ишин козгоп, окуянын бардык жагдайларын иликтөөнү улантууда.



