Коом

Экс-депутат Өмүрбек Бакиров добуш сатып алуу боюнча күнөөлүү деп табылды

Ноокат райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бакировду парламенттик шайлоодо добуш сатып алуу боюнча күнөөлүү деп таап, айыпка жыкты. Маалыматты анын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева тастыктады.

Анын айтымында, райондук соттун чечимине каршы Ош облустук сотуна апелляциялык арыз берилди.

Белгилей кетсек, 18-августта Жогорку сот Өмүрбек Бакиров шайланып келген № 4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечимди күчүндө калтырган. 29-августта аны Ош облустук ички иштер башкармалыгына суракка алып кетишкен. Ага шайлоочулардын добуштарын сатып алуу боюнча айып тагылган.

Өмүрбек Бакировдун ордуна Равшанбек Рысбаев депутат болгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button