Коом

УКМК: Аткезчилик жол менен алынып келинген дары-дармектер аныкталды — ФОТО

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз борборунан билдиришти.

2023-жылдын 9-июнунда КР УКМК тарабынан контрабандага каршы күрөшүү иш-чаралардын жүрүшүндө, Лейлек районунун тургундары, 1993-жылы туулган С.у.И. жана 1991-жылы туулган М.Т.З. аттуу жарандардын башкаруусундагы 03KG 322 ADU мамлекеттик номурлуу, кочкул көк түстөгү Ауди А6 үлгүсүндөгү унаа аныкталып токтотулган.

Унаанын ичинен кошуна мамлекеттердин биринин аймагынан Баткен облусуна аткезчилик жол менен алынып келинген дары-дармектер табылган. Аталган унаа жүктү Лейлек районунан Кадамжай районун көздөй жергиликтүү соода түйүндөрү аркылуу сатуу үчүн бара жаткан.

Унаа жана жүк атайын сактоочу жайга токтотулуп, аталган факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Белгиленген тартипте жүктү жок кылуу үчүн материалдарды бажы органдарына өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү каралууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button