Коом

Кыргызстандан Венгрияга түз аба каттамы ачылат

Жакын арада Кыргызстандан Венгрияга түз аба каттамы ачылат. Бул тууралуу Венгриянын тышкы иштер министри Бишкекте өтүп жаткан «Борбордук Азия ― Европа биримдиги» форумунда билдирди.

Анын айтымында, Бишкектен Будапештке жумасына эки каттам аткарылып турмакчы.

Каттамды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр былтыртан бери жүрүп келет. Апрель айында Венгриянын Wizz Air авиакомпаниясынын жетекчиси Бишкек ― Будапешт ― Абу-Даби аба каттамын ачуу маселесин талкуулоо үчүн учуп келген.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында аталган өлкөдө Кыргызстандын элчилиги ачылган. Кийин Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлүп, Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги үстүбүздөгү жылдын октябрынан баштап кыргызстандыктарга Венгрияга жана Европа биримдигинин башка бир катар өлкөлөрүнө шенген визасын бере тургандыгы макулдашылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button