ИИМ: 17 жаштагы кыздын өлүмү боюнча жалган маалымат тараткан жигит элден кечирим сурады – ВИДЕО

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдирди.
Жашы жете элек кызды издөө үч күндөн кийин гана башталат, деген милиция кызматкерине карата маалымат таратуу фактысы боюнча жүргүзүлүп жаткан кызматтык иликтөөнүн алкагында, жалган маалыматка тиешеси бар жаран аныкталды.
Ал 2002-жылы туулган Нарынбек уулу Сыймык аттуу жаран болуп чыкты. Бул жаран маркумдун тууганы эмес. Буга чейин ал уурулук жана алдамчылык жасоого шектелип, жоопкерчиликке тартылган. Чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратуу менен ал коомчулукту адаштырган жана жабырлануучунун үй-бүлөсүнө жана жагдайларына эч кандай тиешеси жок.

Ошол эле учурда аталган жаран кылмыш тууралуу чындыкка дал келбеген ойдон чыгарылган маалыматтарды таратып, коомдогу чыңалууну гана күчөткөнү аныкталды.


Учурда Нарынбек уулу Сыймык Ысык-Көл ОИИБдин тергөө кызматына жеткирилди. Анын иш-аракеттерине тиешелүү укуктук баа берилет.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарды министрликтин расмий булактары аркылуу жарыяланган маалыматтарды гана алууга жана ишенүүгө чакырат.



